
Аттиң арман!.. Кечээ эле арабызда жашап, бирге иштеп, бирге изденип жүргөн мыкты адис, мыкты жолдош, өз кесибинин устаты болгон замандашыбыз Жумалиев Жолдошбек Осмоновичтен айрылып, кабыргабыз кайышып турат.
Жумалиев Жолдошбек Осмонович — 1965 жылы 5-мартта Теңир-Тоо аймагынын Кочкор айылында туулуп өскөн. ВЛКСМдын 40 жылдыгы атындагы орто мектепти 1982-ж. аяктап, Советтик Армиянын катарында эки жыл кызмат өтөгөн.
1992- жылы Ленинград технологиялык институтун аяктап, муздаткыч тармагында инженер-механик кесибине ээ болгон. Бишкекте “Шоро” компаниясында, “Кока-Кола” фирмасында, “Хаят” мейманканасында, “Кыргызшампанкомбинаты” ишканасында жана башка ири мекемелерде муздаткычтарды тейлөө кызматтарында үзгүлтүксүз ийгиликтүү иштеп келген. 2003-жылы Кыргызстандын Озон Борборуна келип, улуттук консультант, 2004-жылы Кыргыз Республикасынын муздаткычтарды тейлөөчү адистеринин “Экохолод” коомдук бирикмесинин Президенти болуп шайланып, 22 жыл кесиптештеринин ишенимин актаган мыкты кесипкөй катары өзүн көрсөткөн. Кесиптештеринин арасында дайыма сылык, элпек, маданияттуу жумшак кулк мүнөзү бар, иштеген ишинин майын чыгарып иштеген жоопкерчиликтүү, өзүнүн билими, тажрыйбалуу квалификациясы боюнча алдыга киши чыгарбаган мыкты адис эле. Ал ушул артта калган жылдарда Монреаль протоколунун талаптарын аткарууда Кыргыз Республикасында ишке ашкан 3 мамлекеттик программаларынын ийгиликтүү аткарылышына эң чоң жана бараандуу салымы менен бул тармактын өнүгүшү жана көптөгөн адамдардын жашоо тиричилигинин сапатын жогорулатууга көп салымын кошуп келген. Ушул азалуу күндөрү Жолдошбек Осмонович Жумалиев менен иштешкен коңшулаш боордош элдерден дагы оор жоготуубузга көңүл айткан кайрылуулар келип жатат. Алардын бири Жолдошбек Осмонович мүчө болгон Россия Федерациясынын эл аралык Академиясы. “Биз баарыбыз урматтаган кесиптешибиз Жолдошбек Жумалиевдин каза болушун терең кайгыруу менен кабыл алдык. Монреаль протоколунун программаларын ишке ашырууда анын кылган эмгеги жана салымы абдан маанилүү орунда турат. Биз кесиптешибиздин кылган ишин улантабыз жана жакындарына көңүл айтуу менен азасын бөлүшөбүз. Жолдошбек Осмоновичтин жаркын элеси эч качан унутулбайт!”- деген маалымат көңүл айтуусун жиберишти. “Казахстан-Холод” бирикмесинин адистери да азабызды тең бөлүшүп жатышат. Жолдошбек Осмонович казак кесиптештерибиз менен акыркы он жылда бирге иштешкен мезгилдерде анын мыкты кесипкөй адистигине, ар бир илимий иштеринин баалуулугуна өз баасын берип келишкен. Анын эл аралык илимий конференцияларда Кыргызстандын муздатуучу техникаларынын өнүгүүсү тууралуу илимий докладдары, башкаларды таң калтырган бийик адамгерчилиги, жогорку маданияты дайыма эсибизде сакталат дешет.
Жумалиев Жолдошбек Осмоновичтин артында жубайы, үч уулу жана кызы калды. Улуу баласы атасынын жолун улап, кесибин улантууда. Биз – Кыргызстандын Озон борбору жана Жолдошбек Осмоновичтин жүздөгөн кесиптештери анын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен азасын тең бөлүшөбүз. Элге жаккан азаматыбыз эми жерге жаксын! Жараткан бейишинен орун берсин! Биз сени эч качан унутпайбыз!